ЖЫЛУУ I
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Ысык менен муздактын орто жериндеги температура, жылуулугу бар. Боз түшкөн ысыгың бар, суугуң бар, Жаанчыл, салкының бар, жылууң бар (Осмонов). Күн ачык, айлана мемиреп жылуу (Абдумомунов). 2. Анчалык ысык эмес, бирок таптакыр сууп да калбаган. Жылуу тамак, бүтүн көйнөк көрбөгөн (Токомбаев). 3. Жылуулукту сактаган, үшүтпөгөн, суук өткөзбөгөн. Жибердик кийим, ызгаарда, Кийсеңер жылуу тон болсун (Осмонкул). 4. өт. Жайлуу, орунтуктуу, жайланышып үйрөнүп калган, көнгөн. Жылуу ордуман козгобо,– деди атам (Ала-Тоо»). 5. өт. Мээримдүү, ырайымдуу, сүймөнчүлүктүү, жагымдуу, уккулуктуу, жүрөккө жакын. Мугалим балдарга жылуу жүз менен жылмая карады (Сыдыкбеков). Жумшак тил, жылуу сөз угуп, Энеке, сенден көөнүм ток (Токтогул). Жылуу тийген жүрөккө, Сөздөрү ай бозойдун! (Турусбеков).